Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Бишкекте аялдамаларга токтогон айдоочуларга каршы рейд башталды
06.11.2025 | 16:28

Бишкекте аялдамаларга жана коомдук транспорттордун алдына токтоп, кыймылга тоскоолдук жараткан унааларга каршы масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Рейддер мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” ишканасы тарабынан өткөрүлүүдө.
Мэрия айдоочулардан унааларын коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоо үчүн аялдамаларга токтотпоону суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом