Башка адамдын паспорту менен Түркияга учмакчы болгон адам кармалды

Башка адамдын паспорту менен Түркияга учмакчы болгон адам кармалды

Кыргызстандын чек арачылары “Манас”аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө пунктунан башка жарандын паспорту менен өтүп бараткан 43 жаштагы  адамды кармашты.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, кармалган адам Кыргызстандын жараны болгон, ал Түркияга учмакчы болгон.

Чек арачылар кармалган жарандын үстүнөн тийиштүү документтерди толтургандан кийин аны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>