Башкы прокурор калыстар сотун киргизүүгө каршы экенин билдирди
Башкы прокурор Максат Асаналиев Кыргызстанда калыстар соту институтун киргизүүгө каршы экенин билдирди. Ал бул пикирин 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Алиев берген суроого жооп берип жатып айтты.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Конституцияда калыстар соту каралганын, бирок анын ишке ашырылышы бир нече жолу кийинкиге жылдырылып келгенин эске салды. Ал бул маселени демилгелөө мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айтып, Башкы прокуратуранын позициясына кызыкты.
Өз кезегинде Асаналиев калыстар сотун киргизүүнү жеке өзү колдобой турганын билдирди.
«Коомдун менталитетин жана өлкөнүн чакан экенин эске алганда, мындай механизм сот чечимдеринин объективдүүлүгүн камсыздайт деген күмөн бар», — деди ал.
Ал эми депутат Алиев калыстар соту институтун жок дегенде айрым категориядагы иштер боюнча колдонсо болорун белгиледи. Анын айтымында, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өзгөчө оор кылмыштар боюнча колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.
Бул маселе келечекте парламенттин мыйзам чыгаруу демилгелеринин алкагында дагы каралышы мүмкүн.