Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Баткен: Лимонду мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды
10.12.2022 | 14:19
Баткен облусунда Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз лимон ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-декабрда Лейлек районунда чек арачылар Кыргызстандын 37 жаштагы С.С. аттуу жараны башкарып келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасын токтоткон. Унааны текшерүү учурунда 2,5 тонна лимон табылган.
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктүн баасы 300 миң сомдон ашат.
Кийинки териштирүү үчүн кармалган жаран менен жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом