Капитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумдуДмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып бердиБыйыл агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилдиБир басуудагы коркунуч: алдамчылар вирус жуккан телефондор аркылуу акчаны кантип уурдашат жана бул учурда эмне кылуу керек?Бишкектин «Ак-Босого» конушунда 3-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтМирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды
Баткен: Лимонду мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды
10.12.2022 | 14:19
Баткен облусунда Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз лимон ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-декабрда Лейлек районунда чек арачылар Кыргызстандын 37 жаштагы С.С. аттуу жараны башкарып келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасын токтоткон. Унааны текшерүү учурунда 2,5 тонна лимон табылган.
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктүн баасы 300 миң сомдон ашат.
Кийинки териштирүү үчүн кармалган жаран менен жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом