Баткен облусунда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат

29.10.2025 | 12:15

Баткен облусунун Ак-Турпак айылында кубаттуулугу 250 МВттык күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Станцияны кытайлык States Technology Co., Ltd. жана San Energy Co ишканалары салат.

Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн Эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын Энергетика министрлиги кайра жаралуучу энергия тармагындагы алдыңкы кытайлык ишканалар менен бир катар келишимдерге кол койду. Алардын ичинен эң негизги документтердин бири — Баткен облусунда күн электростанциясын куруу боюнча келишим болду. Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев, States Technology ишканасынын президенти Лю Фернандо Оскар жана San Energy ишканасынын башкы директору Лью Ионгжие кол коюшту.

Күн электростанциясынын курулушу 2025-жылы башталып, 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда. Объект 669 гектардан ашык жерди ээлейт, ал эми өндүрүлгөн электр энергиясы “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКсына жеткирилет. Долбоор Ак-Турпак айыл аймагындагы тургундардын электр менен камсыздоосун жакшыртып, өлкөдөгү кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Энергетика министрлиги Кытайдын POWERCHINA корпорациясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Документ инвестиция тартуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга багытталган. Келечектүү багыттардын бири Токтогул суу сактагычындагы калкып туруучу күн электр станцияларын куруунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп саналат.

Scroll to Top