Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Баткен облусунда 3 жасалма мөңгү тоңдурулду
14.01.2025 | 17:19
Баткен облусунда быйыл 3 жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Мөңгүлөрдүн бири Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында, калган экөө Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда жайгашкан.
Мөңгү тоңдуруу иштери жергиликтүү бийлик, жайыт комитеттеринин жана бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылууда.
“Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстык көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малдарды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом