Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБШК: Ош, Манас шаарларында жана Өзгөн районунда айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдүКыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жетти
Баткен облусунда 3 жасалма мөңгү тоңдурулду
14.01.2025 | 17:19
Баткен облусунда быйыл 3 жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Мөңгүлөрдүн бири Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында, калган экөө Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда жайгашкан.
Мөңгү тоңдуруу иштери жергиликтүү бийлик, жайыт комитеттеринин жана бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылууда.
“Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстык көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малдарды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом