Баткен облусундагы 90 орундуу бейтапкананы оңдоо иштери аяктады

Баткен облусундагы 90 орундуу бейтапкананы оңдоо иштери аяктады

Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын оңдоп түзөө жумуштары аяктады. Бул тууралуу Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

Абдрахманов Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын, 90 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу максатында жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.

Имаратта бардык шарттар түзүлгөн, жакынкы күндөрү оорукана эмеректер менен камсыздалат.

Оңдоп түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен 12 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>