Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

28-апрель күнү саат 17:45де Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен районунун Бужум, Кызыл-Жол, Боз-Адыр, Кызыл-Бел, Достук айылдарында 4 балл, Көчө-Карын, Кара-Булак, Көк-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>