Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Баткен: Тоодо белин сындырган турист тик учак менен куткарылды
14.09.2022 | 09:24
Баткендеги тоодо жабыркаган Нидерландыдан келген турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Миң-Теке тоосунда Нидерландыдан келген турист 1986-жылы туулган Textor Boris аттуу эркек киши бутун кокустатып, белин сындырып алгандыгы тууралуу маалыматты “Централ Азия Тур” туристтик фирмасынан ӨКМдин 112 кызматына кабарлаган жана жабыркаган жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган.
Жогору аталган жаранды тоодон түшүрүү үчүн Бишкек шаарынан ӨКМдин Авиациялык ишканасынын тик учагы саат 09:35те учуп чыгып, туристти алып түшүп, Ош шаарынын аэропортунда тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Тик учак саат 17:55те Бишкектеги туруктуу жайгашкан ордуна келип конду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом