Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы абалды ЖККУ президенттери карады

Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы абалды ЖККУ президенттери карады

Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кезексиз сессия армян тараптын демилгеси менен өтүп, анда армян-азербайжан чек арасындагы кырдаал каралган.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын баса белгилеп, эки тарап мындан ары да күч колдонуудан алыс болуп, өз ара бардык пикир келишпестиктерди Армения менен Азербайжан ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларынын негизинде тынчтык жолу менен чечет деген ишенимин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жкку

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>