Баткенде 16 жашар кыз бычактан каза болду. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
К.А. аттуу кыз 15-апрель күнү саат 21:05 чамасында ооруканага жеткирилген. Ал жарым сааттан кийин өзүнө келбей көз жумган.
Милициянын маалыматында, кызга эки жолу бычак сайылган. Бирок окуянын чоо жайы белгисиз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз