Баткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылыштыКыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырды
“Сорос-Кыргызстан” фонду жабылат
16.04.2024 | 17:37
“Сорос-Кыргызстан” фонду ишин токтотот. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Коомдук уюм “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу ишмердигин улантпайт.
Фонд 1993-жылы Кыргызстанда ачылып, ар кандай долбоорлорду колдоого 115 миллион доллар акча бөлүнгөнүн белгилейт.
Кыргызстандын президентинин администрациясы, “Сорос-Кыргызстандын” жабылышы тууралуу мурда эле белгилүү болгону айтып, фонддун ишмердиги Борбор Азияда жана Чыгыш Европадагы кеңселери жабылганын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом