Баткенде 3 жетекчи аттестациядан өтпөй калды

Баткенде 3 жетекчи аттестациядан өтпөй калды

Баткен облусунда жетекчилик кызматтагы 3 адам аттестациядан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-мартта Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Анын жыйынтыгында 5 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет деген баага ээ болсо, 3 жетекчи ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деп табылды.

“Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн бир талапкер баш тарткандыгына байланыштуу Республикалык аттестациялык комиссиясы аны кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баасын берди. Дагы бир талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аңгемелешүү этабына киргизилген жок. Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен 3 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келген эмес, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>