Баткенде 14-20-август күндөрү 929 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 24 унаа айып короого токтотулган.
Бир жумада аныкталган эреже бузуулар:
- Мас абалында унаа башкаруу — 18;
- Айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү документтери жок унаа айдагандар — 10;
- Ылдамдыкты ашырып айдагандар — 247;
- Алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылатуу — 2;
- Башка жол эреже бузуулар — 652;
Биздин Телеграм каналга катталыңыз