УКМК Рамзан Кадыровду сындаган активисттин кармалышы боюнча үн катты

УКМК Рамзан Кадыровду сындаган активисттин кармалышы боюнча үн катты

УКМК Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун бийлигин сындаган активист Мансур Мовлаевдин кармалышы боюнча үн катты.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 28 жаштагы Мовлаев — радикалдык идеологияны карманган адам. Ал 2022-жылдын 16-августунан бери Россия тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Шектүү 20-августта Ысык-Көлдө кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, Мовлаев Кыргызстанга Сириядагы эл аралык диний-экстремисттик уюмдун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен келип, аталган уюмдун «көмүскө» тобуна кирген мурда соттолгон жарандар менен бирге колунда бар адамдарга каракчылык кылууну көздөгөн. Каракталган акча диний-экстремисттик уюмду каржылоого жумшалмак.

«Кармалган жаран 2023-жылдын январь айында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу Россиянын жаранынын атындагы жасалма паспортту колдонуп, Кыргызстандын аймагында жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

VC.RU сайтындагы маалыматка ылайык, Мансур Мовлаев — Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун бийлигин сындаган активисттердин бири. Ал 2020-жылы саясий-диний негизде жана бийликти сындаганы үчүн жасалма иш боюнча 3 жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок андан кийин полициянын кызматкерлери тарабынан «уурдалып», алардан качып кетүүгө жетишкен.

Кыргызстандык укук коргоочулар билдиргендей, Мансур Мовлаев Россияда кыйноого кабылып келген. Ал кыйноого кабылышы мүмкүн болгондуктан Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары аны Россияга экстрадициялабашы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>