Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Баткенде эки жашар кызын сабаган келин үй камагына чыкты
01.03.2023 | 14:57
Баткен облусунун Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган келин үй камагына чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Баткен облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 1-мартта анын иши Кадамжай райондук сотунда карала баштаган. Кийинки отурум 6-мартка белгиленген.
Учурда аталган келин үй камагына чыгарылган.
Эскерте кетсек, быйыл январь айынын аягында социалдык тармактарда кичинекей кызын сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Аталган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгону аныкталып, милиция тарабынан кылмыш иши козголгон.
Кийинчерээк кызын урган деп Ш.М. аттуу аял кармалып, андан кийин бир айга камакка алынган.
Анын үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылган.
Кийинчерээк анын иши сотко өтүп, отурум 1-мартка белгиленген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз