Баткенде эки жашар кызын сабаган келиндин иши сотко өттү

Баткенде эки жашар кызын сабаган келиндин иши сотко өттү

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки жашар кызын сабап, камакка алынган келиндин иши сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш Кадамжай райондук сотуна өткөрүлгөн.

Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришкендей, иш райондук соттун кароосуна өтүп, биринчи отурум 1-мартка дайындалган.

Учурда кызын сабаган деп кармалган аял камакта.

Эскерте кетсек, быйыл январь айынын аягында социалдык тармактарда кичинекей кызын сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Аталган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгону аныкталып, милиция тарабынан кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк кызын урган деп Ш.М. аттуу аял кармалып, андан кийин бир айга камакка алынган.

Анын үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылган.

Баткенде эки жашар кызын сабаган аял бир айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>