Баткен облусунда «Женго» каймана аты менен таанылал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү жана анын шериктери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадыр Досоновдун тобундагы О.Н.Ж. аттуу жаран 2021-жылы Баткен райондук соту тарабынан адам уурдоого шектелип издөөгө алынган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз