Түркияга жардам. Атайын эсепке канча акча чогулганы айтылды

Түркияга жардам. Атайын эсепке канча акча чогулганы айтылды

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 12 млн 350 миң сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Түркияга жардам үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалаган жарандар ал эсепке сом, доллар, рубль жана евро валютасында акча которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 18 миң 342 киши каза таап, 74 миң 242 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

12-февралда Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт.

Буга чейин ӨКМ кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандылардан 27 кишинин сөөгүн таап чыккандыгын маалымдаган.

Түркияга жардам: Маяна которгон мамлекеттик мекемелердин тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>