Баткен облусунда бүгүн, 13-апрелде саат 15:32де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө Кызы-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин, Кадамжай районунун Чаувай айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.