РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Бишкекке дагы 18 электробус алынып келди
03.06.2025 | 09:30
Бүгүн, 2-июнда, Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Бишкек шаарына 18 электробус жеткирилди.
Буга чейин, 31-майда 3 электробус, ал эми апрель айында 2 электробус алып келинген. Жалпысынан Бишкекке 23 электробус келип түштү.
Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда жана анын алкагында Бишкекке жалпы 120 электробус алып келинет.
“Электробустар экологиялык жактан таза жана үнөмдүү транспорт катары шаардык жүргүнчү ташуу системасын жакшыртууга салым кошмокчу”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом