Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Айыл чарба министрлиги: өлкөдө жазгы талаа иштери аяктап, 651 миң гектар жер айдалды
03.06.2025 | 10:10
Айыл чарба министрлиги өлкөдө жазгы талаа жумуштары аяктап калгандыгын маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда жалпысынан 651,4 миң гектар аянтта айдоо жана себүү иштери жүргүзүлдү. Бул пландалган айдоо түзүмүнүн 93,4 пайызын түзөт.
Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча жумуштардын жүрүшү төмөнкүдөй:
- Буудай – 102,4 миң гектар жерге себилди;
- Арпа – 223,7 миң гектар;
- Жүгөрү – 104,9 миң гектар;
- Буурчак өсүмдүктөрү – 49,0 миң гектар;
- Картошка – республика боюнча 63,2 миң гектарга эгилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,1 миң гектарга көп;
- Жашылча өсүмдүктөрү – 52,3 миң гектарды ээлеп, былтыркыга караганда 0,4 миң гектарга көп;
- Дарбыз-баштык өсүмдүктөрү – 10,9 миң гектарга эгилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,22 миң гектарга көп.
- Майлуу өсүмдүктөр – 12,9 миң гектар;
- Кант кызылчасы – Чүй жана Талас облустарында 12,87 миң гектар жерге себилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом