Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайт
Баткенде короосуна баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды
11.08.2025 | 14:18

Баткен облусунун Кадамжай районунда короосуна жашыруун баңги өсүмдүгүн өстүргөн 65 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү өз үйүнүн короосунда жана жүзүм дарагынын арасында бою 2 метрге жеткен 4 түп баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүргөн. Кароо маалында өзгөчө жыты бар бул өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 13 кг 94 грамм экени аныкталып, конопля экендиги экспертизада тастыкталды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.
Рубрики: Жаңылыктар