Баткен милиция кызматкерлери 10 баш кою Тажикстанга өтүп кеткен жаранга малын кайтарып берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Дөбө айылынын 53 жаштагы тургунунун 10 баш кою 3-октябрда Таджикстандын Согд облусунун Лаккан айылына өтүп кеткен.
«Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коңшулаш тажик кесиптештери менен өз ара сүйлөшүп, чек арадан өтүп кеткен 10 баш кой кайра Кыргызстанга өз ээсине кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз