Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Баткенде ок жеген өспүрүмдүн абалы кандай?
08.08.2022 | 13:53
Баткен облусунда 8 жаштагы өспүрүм октон жаракат алды. Бул тууралуу облусттук аймактык ооруканасынын травматолог дарыгери Икрамидин Зулпукаров билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылы туулган өспүрүм Баткен облусттук аймактык ооруканасына 7-августта түшкөн. Болжол менен Калашников үлгүсүндөгү автоматтын огу анын ичинин өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткен.
“Өспүрүм бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эс учун жоготкон жок. Травматолог жана хирургдардан түзүлгөн консилиумдун чечимине ылайык, өспүрүмгө алгачкы операция жасалган. Алдыда хирургдар диагностикалык операция жасоого камынышууда”, – деди дарыгер Зулпукаров.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом