Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин тарапташтары акцияга чыгышты

Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин тарапташтары акцияга чыгышты

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтөт.

Биринчи май райондук сотунун имараты алдында акция уюштурулуп, ага бул иште башкы фигурант болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, мурдагы депутат Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин тарапташтары катышууда.

Алар соттон адилеттүү чечим чыгарууну өтүнүп, Атамбаевди колдогон плакаттарды көтөрүп турушат. Акциянын катышуучулары «Атамбаевге боштондук», «Акыйкат чечим» деп чакырык салууда.

Ирина Карамушкинанын айтымында, отурумга Атамбаев алынып келбейт.

Кой-Таш окуясына быйыл үч жыл толду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>