Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Баткенде сарайдан өрт чыкты
15.08.2022 | 23:53
Бүгүн, 15-август күнү Баткен районунун Бужум айылында сарайда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жалын өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан саат 19:27де чектөөгө алынып, саат 20:23тө толугу менен өчүрүлдү.
Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок.
Тилекке каршы, тилсиз жоонун кесепетинен сарайда сакталган 5 мүшөк өрүк, 40 даана шифер, 50 даана торсун, 24 даана айырмач (стропила), 120 м. рейка чыгымга учурады.
Өрттүн себеби такталууда.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар