Баткенде сел жүрүп унаа жолдорду жана көпүрөнү бузуп кетти — сүрөт

Баткенде сел жүрүп унаа жолдорду жана көпүрөнү бузуп кетти — сүрөт

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, ички жолдорду бузуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Өндүрүш, Кош-Дөбө жана Күлдү айылдарында сел жүрүп Охна сел өтүүчү сайындагы көпүрөнү жана ички чарбалык унаа жолдорду бузуп жараксыз абалга алып келген.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жол менен көпүрөнү оңдоого ӨКМнын техникасы жана кызматкерлеринен сырткары жергиликтүү тургундар да тартылган.

[su_image_carousel source=»media: 36444,36443,36445″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>