Баткенде баңгизат сатууга шектелип Кыргызстандын жараны жана коңшу мамлекеттин атуулу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 6-январда милицияга Баткен облусуна коңшу мамлекеттен нашаа маңзаты аткезчилик жол менен алынып келип, сатылганы жатат деген маалымат түшкөн. Бул факт боюнча «баңгизатты сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция аткезчилик жол менен ташылып келген баңгизатты ташып бараткан 27 жаштагы Кыргызстандын жаранын кармаган. Ал баңгизатты айтылган жерге жеткирип, андан түшкөн акчаны кайра коңшу мамлекеттин жаранына алып барып бермек. Жыйынтыгында ал баңгизаттын акчасын өткөрүп берип жатканда коңшу өлкөнүн 39 жаштагы жараны Р.Р. колго түшүрүлгөн.
Экспертизанын жыйынтыгы алардан алынган баңгизат «нашаа» экенин көрсөткөн. Анын баасы 2 млн сомго жетет.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, баңгизат сатууга шектелип кармалган чет элдик Тажикстандын жараны, милиция кызматкери болот.