Баткен шаарындагы тез медициналык жардам кызматына заманбап автоматташтырылган платформа ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул система диспетчерлерге бригадалардын жайгашкан жерин реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө, эң жакын бригадаларды чакырган жерге жөнөтүүгө жана ишти натыйжалуураак координациялоого мүмкүндүк берет.
Система азырынча Кара-Бак, Бужум жана Таян айылдарындагы пункттарына кошулган. Анда бардык кызматкерлер тийиштүү окуудан өтүшкөн. Ошондой эле жаңы жабдуулар жана байланыш системалары орнотулган.
Мекеменин маалыматында, Баткен облусу тез жардам кызматын санариптештирүү ишке ашырылып жаткан өлкөдөгү үчүнчү аймак болду.
Министрлик бул иштер Германия өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) техникалык колдоосу менен жүргүзүлгөнүн билдирди.