Баткенде жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө

Баткенде жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө

Коргоо министрлигинин саперлор тобу Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылында жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик ккомитетинен  билдиришти.

4-майдын таңына карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу жана өткөн түнү ок атышуулар жана башка окуялар катталган эмес.

Мекеме жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган кыргызстандыктарды жарылуунун үнүнөн дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>