Баткендин Арка-2 айылындагы үйдө жарылган снаряддын сыныктарынан жаарат алган эне менен кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрлик кабарлагандай, эне менен кыз учурда Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборунда жатат. Аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Министрдин тапшырмасы менен алар санавиация аркылуу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына андан ары дарылоо үчүн которулат. Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда.
«Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 5-январда болжол менен саат 16:20да Арка-2 айылында 32 жаштагы келин (А.Н.) жана 11 жаштагы кызы короосун жыйнап жатып, эски темирлердин арасынан белгисиз затты (снаряд) таап алган. Аны алып бетонго таштаганда, ал жарылып кеткен. Натыйжада снаряддын сыныктары келиндин бетине жана кызынын бутуна тийип, алар ооруканага жеткирилген.
Баткендеги үйдө жарылган снаряддын сыныктары аялдын бетине жана кызынын бутуна тийген