Баткенде жеке ишкерлер оорукананы 400 миң сомго оңдоо — түзөөдөн өткөрүп беришти

Баткенде жеке ишкерлер оорукананы 400 миң сомго оңдоо — түзөөдөн өткөрүп беришти

Баткенде жеке ишкерлердин колдоосу менен оорукана оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы аймактык оорукананын экинчи кабаты демөөрчүлөрдүн колдоосу менен толугу менен оңдоп — түзөөдөн өткөн.

Ага жергиликтүү жеке ишкерлер демөөрчү болуп, жалпы 400 миң сом акчалай жардам көргөзүшкөн.

Натыйжада бардык шарттар түзүлүп, оор абалдагы бейтаптарды дарылоого ыңгайлашкан 4 орун жана пневмания оорусу менен ооругандар үчүн жаңы 25 орун даярдалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>