ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Баткенде жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы текшерилүүдө
17.06.2022 | 17:21
УКМК Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан жеке турак жай куруу үчүн “айыл чарба” багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча УКМК жана Баткен облусунун прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык тергөө тобу сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматтар боюнча, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Боз жана Камбар-Абад айылдарынын тургундарынын жер тилкелери текшерилүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу дагы кошумча маалыматтар берилет.
УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө жол берилбестигин эскертет, бул үчүн КР колдонуудагы мыйзамдарында жоопкерчилик каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом