Чүйдө чет элдик жаранды сабап, 3 млн сомун тартып алгандар кармалды

Чүйдө чет элдик жаранды сабап, 3 млн сомун тартып алгандар кармалды

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектелип беш адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин милицияга Лебединовка айылындагы түстүү металлдарды кабыл алуучу ишкананын кызматкерлерине каракчылык кол салуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

«Белгисиз адамдар үч чет элдик жаранды сабап салышканы белгилүү болду. Кол салгандар 3 миллион сому бар темир сейфти жана видеокөзөмөл камералары түшүрүлгөн катуу дискти уурдап кетишкен. Кылмышка шектүү беш адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандардын бири жабырлануучуларга котормочу болуп иштеген. Ал кылмышты достору менен алдын ала пландаштырган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти башкармалыктан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>