Баткенде жол кырсыгы 5 адамдын өмүрүн алды – видео

Баткенде жол кырсыгы 5 адамдын өмүрүн алды – видео

Баткен районунда жол кырсыгынан 5 адам көз жумду. Бул тууралуу “Репортёрго” Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-ноябрда саат 13:00дөр чамасында Баткен районунун Рават айылы аркылуу өткөн Ош – Баткен — Исфана унаа жолунун 302-чакырымында болгон. Анда  Mercedes-Benz E 200 жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам көз жумган. Алар; Daewoo Nexia автоунаасынын 30 жаштагы А.Р. аттуу айдоочусу, Mercedes-Benz E 200 автоунаасынын 47 жаштагы А.С. аттуу айдоочусу жана Mercedes-Benzте бара жаткан А.О. аттуу 42 жаштагы жүргүнчү аял, Ю.О. аттуу 20 жаштагы жүргүнчү жигит жана С.А. аттуу 18 жаштагы жүргүнчү кыз каза болгон. 

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Буга чейин социалддык тармактын колдонуучулары тарабынан аталган жол кырсыктын видеосун жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>