Исламдык банкинг реформасы: Улуттук банк ачык-айкындуулукту талап кылууда, ал эми сектор салык бюрократиясынан жана «ашыкча убаракерчиликтен» жабыркап келет26-март: Өлкө боюнча күн ачык болотАкысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилди
Баткенден жоголгон кыз аман-эсен Оштон табылды
30.03.2021 | 17:43
Дайынсыз болуп жаткан Баткендин тургуну Оштон аман-соо табылды. Бул тууралуу баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Учкун айылынын тургуну 1998-жылы төрөлгөн Гүласалхон Яхияева 2-март күнү саат 08:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Жакындары буга байланыштуу милицияга кайрылып, Гүласалхон Яхияевага изделип жаткан.
Издөө иштеринин жүрүшүндө укук коргоо органынын кызматкерлери Гүласалхон Яхияеваны Ош шаарында жүргөн жеринен таап, үй-бүлөсүнө откөрүп беришкен.
Учурда окуянын чоо-жайы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом