Баткендин Раззаков шаарында жаңы муниципалдык мал базар ишке берилди

Баткен облусунун Раззаков шаарында жаңы муниципалдык мал базар толугу менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мал базардын жалпы аянты 60 миң м² түзөт. Ага миң баш бодо мал, 100 баш жылкы, 5 миң баш майда жандык батат.
Объектинин жалпы сметалык баасы 50 млн 558 миң сомду түзөт. Долбоордун 1 жана 2-этабына 25 988 507 сом каражат жумшалган.
Мал базардын ишке кириши менен Раззаков шаарынын калкы үчүн ветеринардык, соода-сатык жана санитардык шарттары жакшыртылып, айыл чарба тармагында кошумча киреше булагы түзүлдү.
“Бүгүнкү күндө мал базар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жумасына 70 миң – 150 миң сом киреше алып келүүдө. Ошондой эле ушул жылдын ичинде ички бөлүгүнө асфальт төшөө жана оорукчан малдар үчүн атайын изолятор куруу каралууда”,- деп билдирди министрлик.