Кыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталдыДин, тил жана биримдик: Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаңы улуттук программа сунушталуудаБишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөтСадыр Жапаров АӨКЧМдин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга барды«Манас» аэропортунун аймагында ири экспо-борбор курулат
УКМК: ӨКМнын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды
06.08.2025 | 15:21

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жаранды ишке орноштуруу үчүн пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык,кармалган бөлүм башчы С.Ч.М. министрликтин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок убадасын аткарган эмес. Буга байланыштуу ал мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.
Аталган факты боюнча 5-августта С.Ч.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар