Базар-Коргондо келин эки жашар кызы менен дайынсыз жоголду

23.06.2023 | 19:39

Базар-Коргон районунун Абдираимов айылынын тургуну Айтмамат кызы Айкөкүл жана анын колундагы кызы Айтмаматова Аяна Айтмаматовна изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтмамат кызы Айкөкүл 23 жашта, ал эми анын кызы 2 жашар.

Учурда Айтмамат кызы Айкөкүлдүн жана кызынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Айкөкүлдүн бою 160-165 см, ак жэуумал, көзү кара, чачы кара, арык чырай.

Кийген кийимдери: Айкөкүлдүн башында ак түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, кара түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Айтмамат кызы Айкөкүл жана анын кызын көргөн-билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлерге билдирип коюңуздарды суранабыз: 102, (03736) 5 02 61, 0559 35 16 35, 0997 30 10 15″, – деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top