Кемпир-Абад иши: Атай Бейшенбек менен Рита Карасартова үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши: Атай Бейшенбек менен Рита Карасартова үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан активисттер Атай Бейшенбек уулу менен Рита Карасартова үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 23-июндагы токтому менен буга чейин айыпталуучулар К.Р. жана Б. уулу А. га карата камакка алуу түрүндө колдонулган бөгөт чарасы соттук териштирүү мөөнөтүнө, башкача айтканда ушул жылдын 15-августуна чейин үй камагына өзгөртүлгөн.

 

 

Биринчи май райондук соттун чечими менен былтыр 22-октябрдан бери камакта отурган Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Улугбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов үй камагына чыкты.

 

Буга чейин Талант Эшалиев, Нурлан Асанбеков, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова үй камагына чыккан. Үй камактагылардын катарында мурдагы депутат Канат Исаев да бар. Ал октябрь айындагы жапырт камоолор учурунда 2017-жылдагы иши боюнча кармалган.

 

Ошол эле учурда Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрь айында кармалган башка 15 адам камакта отурат. Дагы бир киши — активист Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) издөөгө алынган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

 

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>