УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Бажы кызматы наркы 103 млн сомго жакын аткезчилик товарды кармашты
30.06.2022 | 13:55
Бажы кызматы Кытайдан декларацияланбаган товарлардын мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, эл керектөөчү товарлардын өздүк наркы 102 миллион 957,2 миң сомду, ал эми бажы төлөмдөрүнүн суммасы 21 миллион 369,4 миң сомду түздү.
«Түштүк-Батыш бажысынан Түндүк-Чыгыш бажысына автотранспорт менен ташылып жаткан эки контейнерди бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө импорттолгон товарлар, ассортименттеги кийим-кечелер тууралуу так эмес декларациялоо фактысы аныкталды», – деп билдирди Бажы кызматы.
Экономикалык контрабанда фактысы боюнча материалдар электрондук журналга катталып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар