Бажы кызматынын капитаны коррупция иши боюнча кармалды

Бажы кызматынын капитаны коррупция иши боюнча кармалды

«Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. опузалып пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР  Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, «Кызыл-Кыя автожолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан, аталган аймакта иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу боюнча системалуу түрдө уюшулган  коррупциялык схема аныкталды.

Мындан улам, 9-майда ыкчам иштердин жүрүшүндө Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын бажы кызматынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. кармалды.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>