Бекешев: шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылышы мүмкүн

Бекешев: шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылышы мүмкүн

Жогорку Сот парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча кызыктуу жана күтүүсүз чечим кабыл алышы мүмкүн. Тагыраагы, шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылышы мүмкүн. Мындай пикирин парламенттин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, учурда бул боюнча бир нече компромисстик варианттар каралууда, бирок алар бардык мыйзамдарга каршы келет:

— шайлоону өттү деп жарыялап, андан кийин мыйзамдын арткы аракети менен шайлоо босогосун 3% га чейин төмөндөтүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алуу;

— шайлоону өттү деп табуу жана «Мекеним Кыргызстан» партиясын депутаттык мандат бөлүштүрүүдөн чыгаруу (БШК же сот аркылуу).

“Президенттин резиденциясында ар кандай варианттар каралууда. Бул варианттардын бардыгы мыйзамсыз. Сооронбай Жээнбеков интригандардын ар кандай кеңештерин кабыл албайт жана акыйкаттыкка жолтоо болбойт деп ишенем. Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз бойдон калууга тийиш, ал эми VI чакырылыштагы парламент шайлоо босогосун 3% га чейин төмөндөтүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алып, андан кийин БШК кайрадан шайлоо жарыялашы керек. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кайра шайлоо параллель жүрүшү мүмкүн ”, — деп жазды Бекешев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>