Салык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калуудаЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландарТокмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалдыБишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттүБишкекте тоолуу дистанциялар боюнча ачык чемпионат өтөт
Бекешевдин үгүт сүрөттөрү чапталган унаалар шайлоо тилкелеринде эмне кылып жүрөт?
28.11.2021 | 11:51
Дастан Бекешевдин сүрөттөрү чапталган унаалар шайлоо тилкелердин жанында токтоп турат. Бул туурасындагы маалыматты Reporter.kg′ге окурмандардын бири жөнөттү.
Ал “№8 кичи райондогу №64 мектептин, 1111 шайлоо тилкесине унаага бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин үгүт сүрөттөрүн чапталган унаалар токтоп турат. Ошол эле маалда эл ташып жатышканын көрүүгө болот. Бул канчалык деңгээлде шайлоо мыйзамына ылайык келет” – деген суроо калтырган.
Эгерде сиздерде шайлоо мыйзамдарын бузуулар катталса Whatsapp, телеграм 0555164015 каналдарына сөзсүз маалымдаңыз. Таза шайлоого сиз да салым кошуңуз…
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат