Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кыргызстанда быйылкы кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылышта министр Азамат Жаманкулов келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Жаманкулов кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер мерчемделип жатканын кошумчалады.

Туризм өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө негиз болгон тармак болуп эсептелинет. Андыктан, Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин баса белгиледи.

Кышкы туристтик сезондун ачылышына маданият министри Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, швейцариялык туризмди Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү долбоору, атамекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, анын ичинен учурда 17си иштейт. Кыргызстандагы заманбап тоо лыжа базалары негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>