Грек-рим күрөшү боюнча балбан Бекзат Орункул уулу (82 кг) Бишкектеги Азия чемпионатында коло байге утту.
Үчүнчү орун үчүн ал кореялык Се Жин Янг менен күч сынашып, аны 3:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, Бекзат Орункул уулу 21 жашта. Ал чоңдор арасындагы Азия чемпионатына алгач ирет катышты.