Бакиевдерди өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандын талабын Беларус мамлекети 4 жолу аткарган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматов билдирди.
Анын айтуусуна караганда Беларус мамлекети Бакиевдерге саясий куугунтук болуп жатат деп эсептейт.
“Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча 2011-жылдан бери 4 жолу кайрылганбыз. Анын баарынан Беларусь мамлекети баш тартты. Алар Бакиевдерге саясий куугунтук болуп жатат деп эсептешет”, — деди Акматов.